Орусия президенти Владимир Путин кыргыз элин жана өлкө башчы Сооронбай Жээнбековду бүгүнкү Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Орусия президенти Сооронбай Жээнбековго ден соолук жана ийгилик, ал эми кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалап, куттуктоо телеграммасын жөнөткөн.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана шериктештик маанайда өнүгүүдө. Эки тараптуу саясий диалог, түрдүү тармактардагы жемиштүү кызматташтык, ошондой эле ЕврАзЭБ, ЖККУ жана ШКУнун алкагындагы аракеттерди координациялоо кеңейип жатат.

Биргелешкен аракеттер менен биз кыргыз-орус байланыштарын мындан ары өркүндөтүүнү, коркунучтарга жана эл аралык коопсуздукка каршы чакырыктарга, анын ичинде коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү камсыздайбыз деп ишенем. Бул биздин боордош элдерибиздин кызыкчылыктарына жооп берери шексиз», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.