Дагестандын Леваш айылында бактын түбүндө уктап жаткан аялдын оозуна жылан сойлоп кирип кеткен. Дарыгерлер  аппараттардын жардамы менен аялдын ичине кирген жыланды алып чыгышты. Көрсө, анын узундугу бир метрден дагы узун болгон. Бул убакыт аралыгында аял наркоздо жаткан.

Бул видео социалдык тармактарда тарап, интернет колдонуучуларынын кызуу талкуусун жаратууда.