Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус өлкөлөрдүн чек араларынын ачылышын колдой турганын билдирди. Бул тууралуу, «РИА Новости» жазып чыкты.

«Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму экономиканы кайра жандантуу аракеттерин колдойт. Биз балдардын мектептерге баруусун, адамдардын иш ордунда отурушун көргүбүз келет. Канча көп өлкө вирусту көзөмөлгө алса, ошончо көп чек ара ачылат. Көзөмөлү жок чек араларды ачуу – бул кыйроо», — дейт Гебрейесус.

ДССУ нун  башчысы мурдагыдай жашоого кайтып келүүдөн мурда өлкөлөр 4 негизги шартты аткарыш керек экенин белгиледи.

Алар:

1. Чоң топтогу адамдардын арасында вирустун жугушун чектөө. Мындай учурлар массалык иш-чараларда, анын ичинде түнкү клубдарда, стадиондордо, ири диний чогулуштарда катталууда;

2. Коронавирустан каза болгондордун санын азайтуу үчүн илдет жугуу кооптуулугу жогору катмарды коргоо;

3. Ар бир адам коомчулуктун коопсуздугу үчүн салым кошуш керек: бет кап тагынып, социалдык аралыкты сактап, колун жууп турушу зарыл;

4. Өлкөнүн бийлиги коронавирус жуктургандарды аныктап, изоляцияга алып, тестирлөө жүргүзүп жана ооругандарды дарылоо боюнча чараларды көрүш керек. Ошондой эле ооругандар менен байланышта болгондорду көзөмөлгө алышы шарт.