Бүгүн транспортко, эртең турак жайларга жана жер тилкелерине салык төлөөнүн акыркы күнү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.


Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, эртең турак-жай имараттарына жана батирлерге (ишкердик ишмердүүлүгү үчүн колдонулбайт), ошондой эле жер салыгын (жанаша, жеке жана бакча участоктору үчүн) салык төлөө мөөнөтү аяктайт.

Мекеме унаа каражаттарынын, турак жайлардын жана жердин ээлерин салыктарды өз убагында төлөөгө үлгүрүүгө чакырат. Муну каалаган банктардын кассаларында, почта бөлүмүндө, төлөм жана POS терминалдар, мобилдик жана Интернет банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык шаймандар аркылуу жүргүзсө болот.