Бир суткада өлкөдө 60 адамдан коронавирус илдети аныкталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаары – 13;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 2;
Ош облусу – 7;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 14;
Баткен облусу – 16.
Жалпы илдетти жуктуруп алгандардын саны: 43 миң 958.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон
жаран Бишкек шаарынын тургуну.
Жалпы каза болгондордун саны: 1 миң 60га жетти.