Астронавт Жанетт Эппс 2021-жылы эки кесиптеши менен Эл аралык космос станциясына учат. Бул тууралуу НАСА Космостук агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Нью-Йоркто жашаган 49 жаштагы Жанетт Эппс тарыхта алгач ирет аталган станцияда иштеген кара денелүү аял болот.

Белгилүү болгондой, Эппс космоско 2018-жылы учмак. Бирок учууга бир ай калганда белгисиз себептен улам орду башка адиске алмаштырылган. Астронавт 2000-жылы аэрокосмикалык техника боюнча доктор макамын алган. Жанетт Эппс Эл аралык космоско «Boeing CST-100 Starliner» кемесинде учат.