Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясына даттанып БШКга кайрылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесин каттоого албоону суранат. Саясатчынын пикиринде, БШКга берилген талапкерлердин тизмеси курултайда кабыл алынган тизме эмес.

Турсунбай Бакир уулу алгач тизмеде 18-орунда болсо, кийин ал 22-орунга жылып калган.

«Бул шайлоо мыйзамдарын орой бузуу. Курултайда кабыл алынган тизме өзгөрбөшү керек», — дейт ал.