Ар ким башынан өткөн окуя менен бөлүшүп, көптөрдүн оюнан кийин керектүү бир жыйынтык чыгарат эмеспи. Мени түйшөлтүп, санаага салган бир жагдай бар. Айтып баштасам баягы эле кайынене келин кайым айтышы дээрсиңер. Бирок бул түгөнбөгөн маселе болуп жатпайбы. Балким үйдөгү жагдайды сыртка чыгарбай косойң болмок деп да айтаарсыздар, бирок ар адамдын жеке мүнөзү, баскан турганы болот. Кээде үй-бүлө тынчтыгы, балдардын көз жашын агызбай, атага зар кылбай мүнөздү оңдоо керекпи деген ой келет.

Кеп башынан болсун. Мен 17 жашымда турмушка чыктым. Кайыненем жапжаш 40 та болчу. Алгач мен жасаган жумуштарды жактырбай мурун чүйрүп жүрдү. Арада кер-мур айтышып калчук. Турмуш ушунусу менен кызык деп жашай бердим. Бирок чыныгы кыргын менден кийинки абысыным келгенде башталды. Абысыным жогорку билимдүү, акылдуу, сабырдуу келин. Ачыгын айтсам канча жыл чогуу турабыз экөөбүз бир да урушкан жокпуз. А кайыненем такыр жактырбай, отурса опок, турса сопок деп, пиаланы колунан алып столго тарс коюп мүнөзүн көрсөкөнүн койбоду. Өзгөчө кызы келгенде экөөлөп бизге күн көрсөтпөйт. Балдарды төрөп берсек, үйү жыйналуу, кири жуулган, тамагы дайын дагы эмне керек дейм да. Үй актап, килем жууп, картошка айдаган сыяктуу иштердин баары абысыным экөөбүздүн моюнубузда.

Кечээ жакында абысыным менен кайыненем катуу урушуп кетишти. Болбогон бир жагдайдын айынан.

Кайыненем огородко бир аз памидор, бадыраң капуста экен. Ошону суугарып мага эч ким көмөктөшпөйт, эртең бышса тешик тамагыңа жейсиң деп өллө оозго алгыс сөздөр менен урушту. Абысыным чыдабай милдет кылсаңыз карабаңыз, сизди ким кыйнап жатат. Балдардан үй оокатынан жетишпей жатабыз. Улам нан жаап тамак бышыргандан бошобой жатканыбызды көрүп турасыз го деп айтып салды. Кечинде баарыбыз чайга отурганда бышактап, катының катуу айтты деп калп ыйлап кайним менен абысынымды ажыраштырып жиберди. Кайынатам да кой дебеди, тескерисинче кемпирине болушуп, балдарына сөөккө жеткен сөз айтып урушуп салды. Мындай кылыктарын көбүн көргөм сабыр кыл десем абысыным чыдабай үч баласын алып кетип калды.

Абысыным жакшы келин . Анын көп буюмдарын кайыненем алып алган. Жада калса абысыным көшөгөдө отурганда элдер көргөнү жоолук алып келип башына салган жоолуктардын баарын алды. Абысыным акылдуу экен, мейличи матанын артынан жаман жакшы болбой деп унчукпай койгон. Мына эми абысынымды кетирип мени койбой жатат. Алардын урушанан соң мен жаман болуп жатам, ал кеткени мени эзип жеп жатат. Кайним менен акылдашсам ал да тажаганын, апасы катуу өзгөргөнүн, ортодо эзилип кеттим дейт, бир жактарга кетип калгысы келгенин айтты. Эмне кылсам. Абысыным болду такыр келбейм деп жатат…