Бүгүн, 1-сентябрда, «Караван» соода борборунун соода жайынын ижарачылары кайрадан Ак үйдүн алдына митингге чыгышты.

Кесиптик кошуун комитетинин өкүлү Элмира Аксамаеванын айтымында, нааразычылык акциясына чыккандардын негизги талабы — соода аянттарын («Караван» бутиктери) электрондук соодадан алып салуу.


Мындан тышкары, соодагерлер ушул соода жайлары үчүн ижара мөөнөтүн узартууну каалашат.

Алар колдоруна «Караван», «Президент, бизди ук», «Иштейли», «Келишим түзүп бергиле» —  деген лозунгдарды кармап алышкан.


Эске салсак, август айынын башында ижарачылар бутиктердин ижара акысын мурунку эки айда төлөп, андан кийин 15-августка чейин соода аянтын бошотушу керектиги жөнүндө билдирүү алышкан.

 Белгилей кетүүчү жагдай, учурда Караван соода борборунда 200дөн ашуун соода орундары түзүлгөн, анда миңдеген ишкерлер эмгектенишет.

Эске салсак, «Караван» соода борбору буга чейин Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан менчиктештирилип, «Мүлк» мамлекеттик ишканасына өткөн.

Өткөн жылдан бери МИ «Мүлк» соодагерлер менен жайларды ижарага алуу келишимдерин узарткан жок, бирок ал төлөмдөрдү үзгүлтүксүз алып турат.