Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атайын элчиси доктор Дэвид Набарро Швецияны коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн үлгүсү деп атады. Швеция — Ковид-19дун жайылышына каршы күрөшүүдө жумшак чараларды колдонгон өлкөлөрдүн бири.

“Magic”  радиосуна берген маегинде ал COVID-19у талкалоонун ачкычы — бийлик менен өлкө элинин ортосундагы ишеним экенин билдирди.

«Швед бийлиги коомчулукка ишенип, ал эми коомчулук өкмөткө ишене алды»,- деди ал.

Швеция пандемияга каршы күрөшкө либералдык мамиле жасап, карантинге — калктын иммунитетинин табигый өнүгүү жолуна артыкчылык берди.

Ошол эле мезгилде, британиялык Daily Mail гезити Швеция акыркы алты айда эң жогорку өлүм көрсөткүчүн каттаган деп билдирген: 51 405 адам каза болгон, алардын 4500 өлүмү түздөн-түз Ковидге байланыштуу болгон. Акыркы жолу мындай өлүм 1869-жылы катталган, анда 55 431 адам каза болгон.