53 жаштагы киши бала бакчанын аймагына кирип, кенже балдарды тарбиялаган аялына балдардын көзүнчө бычак сайган. Каргашалуу окуя Воскресенск шаарындагы бала бакчада болгон.

Кол салган жаран мас абалда экени аныкталган. Ал бакчага арткы  эшиктен кирип, аялына бир нече ирет бычак сайган. Алган жаратынан улам, аял тез жардам кызматы келгенге чейин көз жумган, деп билдирет Telegram канал «112».

Baza Telegram каналы тактагандай, мас киши аялына батирдин ачкычын тапшыргысы келгенин айткан.  

Алгач жубайлар бир нерсе жөнүндө урушушкан. Ошол учурда балдарды авариялык эшик аркылуу сыртка  алып чыгышкан. Андан кийин ал киши бычакты алып чыгып, жубайына кол салган.