Кыргызстанда 1-сентябрда 156 миң 430 окуучу мектеп босогосун аттады

Кыргызстанда 1-сентябрда 156 миң 430 окуучу мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Пандемияга байланыштуу жаңы окуу жылынын башталышы менен 1- класстар гана салттуу режимде билим алышат. Калган класстар үчүн министрлик дистанттык түрдө билим берүүнү уюштурат.

Телесабактар КТРКнын «Баластан» жана ЭлТРдин «Илим жана билим» каналдарынан бериле баштады. Эфирге чыккан соң, сабактар министрликтин https://oku.edu.gov.kg/ky/ порталына жайгаштырылат.

Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте 1-класстын окуучуларын салттуу режимде окутууда кандай талаптар аткарылыш керектиги боюнча атайын алгоритм иштеп чыкты.

Эгер класста окуучулар көп болсо, алар 2 топко бөлүнүп, аралашып отурушат жана мектептер тиешелүү болгон бардык санитардык эрежелерди сакташат.