2020-жылдын 30-август күнү «Фейсбук» социалдык тармагында добуш сатып алуу боюнча видео сүйлөшүү тараган. Бул окуя боюнча Нарын РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин жүрүшүндө видеодогу кызыл футболкачан белгисиз адамдын өздүгүн такталып, ал Нарын районунун Орто-Нура айылынын 1986-жылы туулган М.А. аттуу жаран экендиги белгилүү болгон.

Аталган видеодо жаран М.А., У.Б. аттуу адамга добуш берүү боюнча сүйлөшүп, шайлоого добуш берүү жолдорун түшүндүрүп берип, 300 (үч жүз) кишиден кем эмес добуш салып бергиле деп суранып жаткандыгы чагылдырылган. Мындан сырткары жогоруда көрсөтүлгөн видеодогу чогулган күбө адамдардын өздүктөрү такталып, аларды сурамжылоо иштери жүргүзүлүп, түшүнүктөрү алынган. Жогорудагы факты боюнча 2020-жылдын 30-августунда Нарын РИИБде Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин (добуштарды сатып алуу) 2-бөлүгү менен КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.