Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусундагы жыйында 2020-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө коомчулукта айрым партиялар менен парламент депутаттыгына талапкерлер өз электоратын көбөйтүш үчүн шаарлар менен айылдардын тургундарынын № 2 формасы боюнча добуш бериши үчүн участокторун массалык түрдө өзгөртүп жатканы тууралуу көп сөздөр бар экенин белгиледи.

«Бул тууралуу басма сөздө, социалдык тармактарда жазып жатышат. Бирок, мамлекеттик жана укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик буга каршы эч кандай чара көрбөй жатат. Силер азыртан эле шайлоого карата элдин нааразычылыгын жаратып жатасыңар», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал мындай билдирүүлөрдүн баарына ыйгарым укуктуу органдар тарабынан мыйзам чегинде тиешелүү чечимдерди ыкчам түрдө кабыл алуу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

«Биз таза шайлоо өткөрүүгө даярбыз. Бизге азыр эмне зарыл? Биринчиден, мындай арыздарга, билдирүүлөргө ыкчам жооп берүү керек. Мыйзам бузуулар тастыкталып калса, жоопкерчиликке тартуу зарыл. Эгерде андай болбосо, чагымчылдардын ар кандай маалыматтар менен чайкоочулук кылуусуна жол бербөө керек. Экинчиден, участкалык комиссиялар шайлоо жүрүмүнүн ачык-айкындуулугун толук кандуу камсыз кылуу үчүн сааттай болуп так иштөөсү керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы бул эки багытты ишке ашыруунун өзгөчө зарылдыгын, бул аракеттер шайлоонун жыйынтыктарын талашсыз чыгаруунун кепилдиги экенин жана айрым адамдардын шайлоодон кийинки кырдаалды дестабилизация кылуу аракетине себеп болбошу керектигин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларын болтурбоо үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан жасала турган милдеттер арбын экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Ал ошону менен бирге шайлоо процессине даярдыктар иштери өз деңгээлинде жүргүзүлгөнүн кошумчалады. Парламенттик шайлоону ачык, демократиялуу өткөрүүгө мыйзам базасы, участкалык шайлоо комиссиялары даяр экенин белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана Премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат беришти.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев шайлоонун астындагы жана шайлоодон кийинки мезгилдерде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу айтып берди

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.