Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы кезектеги отурумунда бардык саясий партияларды жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди үгүт иш-чараларында мыйзамды так сактоого чакырды.

«Саясий күчтөрдүн аракеттери өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукка залал келтирбөөсү абзел. Өзүнүн жеке амбициясы үчүн коомдук коопсуздукту коркунучка туш кылууга жана кыргыз элин бөлүп-жарууга эч кимге жол берилбей турганын эстен чыгарбоо керек», — деп белгилеген мамлекет башчы саясий маданиятты калыптандыруу шайлоого аттанган партиялардын жана алардын жактоочуларынын колунда экендигин эскертти.

Президент үгүт кампаниясын өз ара сыйлоо атмосферасында өткөрүп, шайлоочулардын добуштары үчүн күрөштү — компроматтарды таратуу, «булганыч» технологияларды колдонууга эмес, программалардын атаандаштыгына негиздеп өткөрүүгө чакырды.

Ал шайлоо мыйзамдарын бузууга, шайлоочулардын добушун сатып алуу фактыларына карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн кошумчалады. Ошону менен бирге партиялар үгүт иш-чараларын жарандарыбыздын ден соолугуна коркунуч келтирбестен өткөрүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи.

Мындан сырткары президент шайлоочуларга кайрылып, парламенттин тагдыры, шайлоочунун эркинен, алардын кыраакы тандоосунан көз каранды экендигин белгиледи.

«Сиздердин акыл калчап, кыраакылык менен кабыл алган чечимиңер мамлекетибиздин келечегине түздөн-түз таасир этет. Мен жарандарыбызды добуштарын сатпоого чакырам», — деди өлкө башчы.

Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү менен байланышкан бардык маселелерди борбордук шайлоо комиссиясы жеке көзөмөлүнө алуусу керектигин белгиледи.

«Бардык аймактык шайлоо участкалары жана шайлоо комиссиялары үзгүлтүксүз иштөө үчүн өз учурунда даярдалуусу жана техникалык жактан жабдылуусу керек. Парламенттик шайлоо максималдуу түрдө демократиялуу, ачык-айкын өтүүгө тийиш, анын жыйынтыктарына эч ким шектенбеши керек», — деп белгиледи Жээнбеков.

Ал өкмөт шайлоолорду өткөрүүдө БШКга толук жардам көрсөтүп, шайлоо күнүндө жана үгүттөө мезгилинде эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу керектигин кошумчалады. Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык региондорунда укуктук тартипти жана башка мыйзамдарды бузууга жол берилбей тургандыгы жөнүндө алдын ала түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.