Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Латвиянын аймагына киргизилбейт. Ошондой эле бул тизмеге Буларустагы 29 чиновник кошулган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазды.

Тышкы иштер министри Эдгар Ринкевичс Латвия көз карандысыз жана эркин Беларусь өлкөсүн колдой турганын билдирген.

«Алар (тизмедеги 30 адам) шайлоонун жыйынтыгындагы бурмалоого жана тынч демонстранттарга карата колдонулган катаал мамилеге жоопкерчилик алышат», — деген министр.

Белгилүү болгондой, Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен кайрадан Александр Лукашенко жеңишке жеткенден бери өлкөдө нааразычылык акциялары токтой элек. Ири заводдордо иш таштоолор болуп, жарандарды камоо  уланып жатат.