Сот отуруму саат 16.00дө башталып, жараянга Жогорку соттун мурдагы төрайымы, судья Айнаш Токбаева жетекчилик кылды.

Бул учурда сот имаратынын алдында «Кыргызстан» партиясынын тарапташтары жана таза шайлоо өтүүсүн талап кылган жарандык активисттер менен саясий партиялардын өкүлдөрү эки тарап болуп топтолуп турушту. Бир тарабы «Кыргызстан» деп, экинчи жагы «Сот, сатылба!» деп кыйкырып жатты.


Борбордук шайлоо комиссиясы 25-августта «Кыргызстан» партиясынын документтерин артка кайтарып, шайлоого катышуудан четтеткен. Буга документти БШКга «Кыргызстандын» ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка жаран алып келгени негиз болгон. Боршайкомдун мүчөлөрү мыйзамда партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү өзү алып келип, каттоо журналына кол коюшу керектигин белгилейт. Ал эми аталган партиянын өкүлү Эльвира Абелдинова жагдайды өзү ооруп калганы менен түшүндүргөн.

Партиянын жетекчилери мындай чечимге макул болбой Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган. 27-августта ишти караган судья Чолпон Досмамбетова БШКнын чечимин жокко чыгарып, «Кыргызстандын» пайдасына чечкен.

Андан соң БШКнын юристтери Жогорку сотко кайрылган.»Кыргызстан» партиясын жарыштан четтеткен чечимин күчүндө калтырууну сураган.