Тынч океанындагы “Майсак” тайфуну түштүк Япон аралдарын каптады. Бийлик тургундардан сыртка чыкпоону талап кылууда. Бул  тууралуу, чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

 
Шамалдын кесепетинен Окинава префектурасында 238  авиа каттамды  токтотууга мажбур кылууда. Буга чейин, 266 каттам токтотулган. Ал эми Наха аэропорту дүйшөмбү күнү кечинде жабылган.

“Майсак” тайфуну бир нече күн мурун Тынч океанында пайда болуп, ушул сезондо тогузунчу болуп, супер тайфунга айланды.

Тайфун Кытайдын чыгышындагы бир катар аймактарда аба ырайына таасирин тийгизиши күтүлүүдө. Тропикалык циклон жээкке тийбейт, тангенциалдык жол менен өтүп, катуу шамалдарды, катуу толкундарды жана нөшөрлөгөн жамгырларды алып келет. Шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 20 м / с жетиши мүмкүн.

Мындан тышкары, синоптиктердин айтымында, тайфун Түштүк Кореянын жээгине 2-сентябрь күнү кечинде келет. Бул мезгилде ал алсырашы керек.