Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүнүн атынан Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевди жана өзбек элин Өзбекстандын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Сиздин жетекчилигиңиз астында Өзбекстандын орду региондо жана жалпысынан дүйнөдө олуттуу бекемделип, өлкө ичинде жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформалар оң натыйжаларын берип жаткандыгын белгилейм.

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкка жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген достук жана ынак коңшулук мамилелер Сиздин колдооңуз менен мындан ары да бекемделип, эки элдин жаркын келечеги үчүн ырааттуу түрдө өнүгө берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Шавкат Мирзиёевге бекем ден соолук, бакыт-таалай, иштерине ийгиликтерди, ал эми боордош өзбек элине тынчтыкты жана өнүгүүнү каалады.