Гастроэнтеролог, диетолог Нурия Дианова шаурманын артыкчылыктарын атап берди. Анын сөздөрүн «Reedus» интернет-басылмасы жарыялады.

 Анын айтымында, шаурма организмге зыян келтирбейт, анткени андагы белок, май жана углеводдо тең салмактуулук бар. Ушундан улам, ал  тамактын ордун алмаштыра алат.

 «Кээде кечки тамакка шаурма жесе болот, бирок күн сайын эмес», — деди Дианова.

Көчөдө сатылган шаурма ден-соолукка кооптуу, анткени аны даярдоодо санитардык нормалар көп бузулат. Эксперт фастфуд сүйүүчүлөрдү эттин сапатына көңүл буруп, лаваш көгөрүп кетпегенин текшерип чыгууга үндөйт. Диетологдун айтымында, шаурмадагы эң зыяндуу ингредиенттер — бул соустар, айрыкча кетчуп жана туздалган бадыраң, калемпир сыяктуу кошумчалар.

Шаурманын бардык артыкчылыктарын алуу үчүн, адис аны өзүңүз үйдөн даярдоону сунуштайт.