Угандада чагылган түшүп он оюнчу каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Кырсык 27-августта футбол талаасында болгон. Балдар саман менен жабылган үйдүн астына жашынууга аракет кылышкан. Бирок чагылгандан сактанып калуу мүмкүн болгон эмес. Тогуз оюнчу окуя болгон жерде көз жумса, дагы бири ооруканага жетпей көз жумган. Оюнчулардын курагы 10 жаштан 16 жашка чейинки жеткинчектер болгон.

Жергиликтүү полиция окуяны «кайгылуу жана трагедиялуу окуя» деп атады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Муса Экверу окуяга инженерлер күнөөлүү деп таап, алар имараттын чатырына чагылган орнотуусу керек болчу деп билдирди.