Ошто 28-августтан бери дайынсыз болуп изделип жаткан 24 жаштагы жигит аман-эсен кайтып келди. Маалыматты бүгүн, 2-сентябрда ӨКМнын басма сөз кызматы тастыктады.

«1996-жылы туулган жаран 28-августта үйүнөн чыгып кетип, ошондон бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Анын туугандары куткаруучулар бөлүмүнө кайрылышып, Южный каналына түшүп кетиши мүмкүн деген божомолду айтышкан. Бүгүн, 2-сентябрда Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары окуя болгон жерге барышып, сурамжылоо жүргүзүү учурунда жигит өзү кайтып келген. Абалы канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.