Атка мине албай койгон Садыр Жапаров кантип пилге минмек?

Садыр Нургожоевич Жапаров, кыргыз саясатындагы “уникалдуу” саясатчылар катарын толуктаган инсандардан.

Акаев заманынан бери, айрым жогорку даражалуу чиновниктер, кылгылыкты кылып коюп, мыйзам алдында жооп берүүчү күн келгенде, заматта оппозицияга айланып, бийликти ашата сындап, элдин көңүлүн алганга үлгүрүшчү. Эң кызыгы, ошондой жол менен жоопкерчиликтен кутулуп кеткен да күндөр болгон.

Эми Садыр Жапаровго кайрылсак, саясатчы 1968-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кен-Суу айылында туулган. Жогорку билимди Физкультура институтунда алган. Кийин, депутат болуп турганда юридикалык факультетти бүтүргөн.

Саясий карьерасы 2005-жылы башталган. Ага чейин ар түрдүү иштерди аркалап келген. Фермердик чарба жетекчиси, мунай компаниясынын жетекчиси, ИИБдин атайын ротасынын инспектору, кайра эле мунай компания башчысы.

Март ынкылабынан кийин, мунай менен шугулдаган ишкер үчүн парламентке жол ачылган. 2005-жылы парламентке өтүп, “Келечек” фракциясын жетектеген.

Курманбек Бакиевге кеңешчи болуп дайындалган. Бир эле маалда, мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу комиссиясынын мүчөсү, ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары жана коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинин комиссары болуп иштеген. Sputnik агенттигинин маалыматы боюнча, “Каркыра жайлоосун Казакстанга берүү учурунда, Жапаров Мамагенттиктин комиссары болуп иштеп туруп, мурда жерди башка мамлекетке бербеш керек деген саясатчы, бул ирет унчукпай койгон”.

Алгач жолу, саясатчы сот жообуна 2012-жылы тартылган. Ал партиялашы Камчыбек Ташиев, Талантбек Мамытов менен Ак үй алдында Кумтөр боюнча митинг уюштуруп, депутат Садыр Жапаров конституциялык түзүлүштү кыйратууга чакырган деген берене менен 1,5 жылга кесилген. Көп өтпөй, чет өлкөгө чыгып кеткен.

Кийин, 2013-жылы Ысык-Көлдүн Саруу айылында Кумтөрдү улуташттыруу талабы менен чоң митинг болуп, арты баш-аламандык менен бүткөн каршылык акциясын Садыр Жапаров каржылаганы далилденген.

Митинг Каракол шаарында да болуп, анын катышуучулары бир нече кишини барымтага алып, алардын катарында ошо кездеги облус башчысы Эмильбек Каптагаев да бар болчу. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, Жапаровго төрт берене боюнча кылмыш иштери козголгон. “Өлтүрүү менен коркутуу”, “Барымтага алуу”, “Бейбаштык” жана “Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү”. Митингди телефон аркылуу Садыр мырза жетектен турганын көптөгөн күболөр айтып беришкен.

Садыр Жапаров, эки жолку чакырылтыштын депутаты, юрист катары, ал убакта да, азыр дагы “Кумтөр” компаниясын улуташтырууга мыйзам жол бербөөсүн, ошону менен катар, жогорку батыш менеджмент системасы менен иштеген ири компанияны мамлекет ишетете албаганын мыкты билген жана түшүнгөн.  “Кумтөрдөгү” өкмөттүн үлүшүн мыйзам жолу менен гана жогорулатуу мүмкүн экенин билип туруп, радикалдуу жолго барган. Бул анын саясатчы катары, алысты көрө албагандыгын, мамлекет тагдырына жоопкерсиз мамилесин гана айгинелейт.

Саясатчынын экономика жаатында түшүнүгү тайкы экендигин, маалында гүлдөп турган “Жыргалаң” шахтасын ит кейпине келтиргендиги далил.

Белгилүү болгондой, 2007-жылы Садыр Жапаров бир тууганы Сабыр Жапаров аркылуу Ысык-Көлдөгү шахтаны арзан баага приватизация кылып, 71 пайызын өз менчигине алат. Жергилитүү эл, айрыкча шахтерлер, чоң үмүт менен карайт. Кантсе да өз уулубуз, ишкер, депутат, патриот дегендей. Бирок, ал үмүттөрүн ит кабат. Шахтага жаңы ээси Кытайдан инвестор тартып келет. Анысы аз келгенсип, жумушсуздуктан куураган элетке кытай жумушчуларын алып келип, ишке киргизип коет. Жергиликтүүлөр болсо, өмүрүн шахтага арнагандар, эң оболу жардамчы, “кармашып кой, түртүшүп кой” деген сыяктуу   позицияларга коюлат. Айлыгы шахтер үчүн мышык ыйлагыдай – 10 мин сом. Ошол эле маалда чет элдик адистер 3-4 эсе көп алганы эмдигиче элдин эсинде.

Беш жылдан кийин, 2012-жылы шахтада чоң өрт чыгып, аны инвестордун кишилери эмес, жергиликтүүлөр өмүрүн тобокелге салып атып өчүрүшөт. Инвестор кийин кетип калган. Шахтага суу толуп, иш дээрлик токтоп калган. Жыйынтыганда, бүтүндөй мамлекетке сапаттуу көмүр берүүчү ишкананы, аны менен кошо шахта менен жашаган бир айылдын тагдырын ара жолдо калтырып, саясатчы “Кумтөрдү” солкулдатууга киришкен. 

Кичинекей шахтаны жарытылуу иштете албай, ара жолго таштап кеткен Садыр Жапаров, “Кумтөрдү” улутташтырып, мамлекеттин бюджетине кечирилгис зыян келээри турган иш экенин тарых аныктап койду окшойт.

Өзүңүздөр күбө болгондой, үстүбүздөгү жылдын март айында, эл дагы, өкмөт дагы, коронавирусту киргизбөө амалын издеп жатканда, Садыр Жапаровдун тарапташтары, Бишкектин чок ортосунда митинг уюштурду. Талабы Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгаруу.

Каршылык акциясы көрсөткөндөй, чыгып сүйлөгөндөрдүн 99 пайызы, Садырды бошотуу тууралуу эмес, өз айылыныдагы же жеке өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтып туруп алышкан. Келген элдин көбү дагы, Жапаровду колдоо үчүн эмес, адатынча баш аламандык уюштуруу үчүн келгени митинг аягында кашкая билинип калды. 

Уюштуруучулар митинг аяктады, тараңыздар деп суранса, эл кайра алардын өзүлөрүн сөгүп, милиция менен кармашка бет алып, жыйынтыгында митингчилер милиция тарабынан таркатылып, митингчилер таш ыргытып, бир нече автоунаалардын терезелери сынган.

Эми болсо мурунку депутаттын тарапташтары партия түзө калып, ачык эле, парлментке барсак  негизги максат Садырды боштондука чыгаруу деп айтып келүүдө. Булар үчүн мамлекет оюнчуктай эле сезилет окшойт.