Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин кызы Айзуура Иманалиева  сүйүктүү кесиби алып баруучулукту үч жыл тыныгуудан кийин улантты. Бул тууралуу жолдошу М.Муканов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“3 жылдык тыныгуудан соң, апабыз ишке чыкты”,- деп жазат .

Ал эми бул тууралуу Айзуура Иманалиева: “Тыныгуудан соң кайрадан өзүм сүйгөн НТС телеканалына жумушума келдим”,- деген.

Алып баруучунун алгачкы эфирине ырчы Нурлан Насип келген.