Шайлоого аттанган саясий партияларда сасий атаандаштык болушу керек. Бул тууралуу укук коргоочу Турсунбек Акун «Биринчи радионун» түз эфиринде берген маегинде билдирди. 

Анын айтымында, учурда 3-4 саясий партия өзүнүн гана кызыкчылыгын көздөп, «Кыргызстан» сыяктуу саясий партияларды оюндан чыгарып коюуну көздөп жатышат. 

«БШКга барып басым кылуу бул саясий партиялардын өкүлдөрүнүн иши эмес. БШКда дагы комиссия бар. Алар өз ишин аткарып, көзөмөдөп жатышат. Имараттын ичине кирип алып, пикет кылуу дагы басым көрсөтүүгө жатат. Мындан улам БШК партияга документтерин өткөрүп берүүгө мажбур болду. 

Экинчи жагынан «Кыргызстан» партиясы дагы сотко кайрылып, басым кылуу жолу менен ишти утуп алышты. Соттун имаратынын алдына 300-400 кишини чогултуп, митинг кылуу дагы сотко болгон басым болуп эсептелинет. Эки тараптан дагы катачылык кетип жатат. 

Мындан улам 4-октябрда парламенттик шайлоо бүткөндөн кийин, «Беларуста болуп жаткандай төңкөрүш кылабыз, баарын кетиребиз» деген күчтөр биригип жатат. Мындай жол менен алар өлкөнү тополоңго алып бара жатышат», — деди Турсунбек Акун.