Бул тууралуу  Надира Жусупбекова «Ала-Тоо 24» каналынын эфиринде берген маегинде билдирди. 

«Эгер кырдаал туруктуу болсо, менин оюмча, биздеги варианттар боюнча биринчи кезекте мектепке 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары келишет. Бирок, 2-класстарды да биз унутта калтырган жокпуз. Анткени алар 1 жыл гана окушту, анда да былтыркы окуу жылы толук болгон жок. 9 жана 11-класстар — бүтүрүүчүлөр. Алар канчалык реалдуу окушса, ошончолук жыйынтык жакшы жана балдардын өзүнө болгон ишеничи жогору болот. Эмне үчүн 5-класстар? Анткени алар башталгыч мектептен жогорку класска которулат. Аларга ар башка мугалимдер билим бере баштайт. Ошондуктан аларга оор болуп жатат», — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал эң башкысы балдардын, мугалимдердин жана ата-энелердин коопсуздугу экенин белгиледи.