А.Мадумаров: Турсунбай Бакир уулу эмнени каалап жатат билбей турам
“Турсунбай Бакир уулу эмнени каалап жатат билбей турам. Биздин партиянын тизмесине кирүүнүбү же партиянын каттоодон өтпөй калышынбы?», — деди «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров. Ал бул тууралуу БШК Бакир уулунун аталган партиянын атынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесине кирбей калгандыгы боюнча кайрылуусун карап жаткан жыйынында билдирди.
«Курултайда 120 адамдын тизмеси жарыяланган. Эгерде Турсунбай Бакир уулу биздин партиянын тизмесине киргиси келсе БШК макул десе киргизели», — деди Мадумаров.
Жыйында Мадумаровго «Курултайда партиядагы алдыңкы тизмедеги 20 адамдын аты-жөнүн окудуңуз беле?» деген суроо берилди.
«Жок, алдыңкы 20
адамдын тизмеси окулган эмес, бирок андагы белгилүү адамдардын аты окулган. Бул
эми партиянын ички иштери, алар ар кандай номерде болчу», — деди
Мадумаров