Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда балдар арасында Кавасаки синдрому катталбаганын билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2-сентябрда эксперттерден турган жумушчу топ балдар арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемалык сезгенүү учурларына байланыштуу жыйынга чогулду.

COVID-19 илдети менен байланышкан оору балдар арасында кездешип жатканын мурдараак Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова брифингде маалымдаган.