Бүгүн, 3-сентябрда, саат 14.00до, Ахунбаев-Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде, Госэкотехинспекциянын имаратынын алдында нааразычылык акциясы өтөт. Бул тууралуу, журналист К.Момомконов Фейсбук баракчасына жазды.

“ Урматтуу журналистер жана өлкөнүн кийинки келечегине кайдыгер эмес жарандар, Кыргызстандыктар!

Бүгүн саат 14.00до, Ахунбаев-Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде, Госэкотехинспекциянын имаратынын алдында, Жерүй алтын кенинин айланасындагы ар кыл маселелер боюнча түзүлгөн » Элдик комиссиия» нын «Каттарга жооп — Эл талабын аткар» аталышындагы нааразычылык акциясы болот.

Буга чейин, комиссия тарабынан Жерүй алтын кенинин аймагына кирип, экологиялык жана техникалык бузуулар, жумушчулардын эмгек акы укуктары тууралуу, алардын мыйзамдуулугу жана аткарылышын териштирүү максатында кирип чыгуу маселеси коюлган. Ал боюнча комиссия тарабынан 4 арыз, жана башка жергиликтүү коомдук уюмдар тарабынан бир топ кайрылуулар түшкөн.

Тилекке каршы, ушул кезге чейин мамлекеттик органдар тарабынан жыйынтыктуу жооптор болгон жок!”-деген ал.