Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документерин кабыл алды.

«Кыргызстан» партиясы мыйзамга ылайык 24-август күнү саат 18.00гө чейин документтерин тапшырган. Бирок Боршайком документ тапшыруудагы техникалык мүчүлүштүктү жүйө келтирип, партиянын документтерин 25-августта артка кайтарган.

27-августта Бишкектин административдик соту БШКнын бул чечимин мыйзамсыз деп тапканда да Боршайком партиянын документтерин кабыл алган эмес.

1-сентябрь күнү бул талаштуу маселеге Жогорку сот чекит коюп, «Кыргызстан» партиясынын пайдасына чечим чыгарды.