Сузак РИИБдин Кызыл-Туу айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ЖИИ кызматкерлери тарабынан 1-класстын окуучуларына коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мектепке келген учурда ар бири бет кап тагуусу, колунда антисептикалык каражаттар болуусу керектиги эскертилди. Ата-энелерге өз балдарын мектептен үйүнө алып кетип туруусу жана жаш өспүрүмдөрдүн тазалыгына кам көрүү зарылдыгы жеткирилди.

Пандемиялык шартка байланыштуу түшүндүрүү иштери Аксы РИИБи тарабынан да жүргүзүлдү. Милиция кызматкерлери район аймагындагы 65 мектепке бөлүнүп, окуучулар жолдон кесип өтүп жаткан учурда жол чийиндерден гана өтүүгө болоорун түшүндүрүштү. Сабак учурунда аралыкты сактап бири-биринен алыс отуруу жана жугуштуу илдетке каршы каражаттарды жанында алып жүрүү керектиги айтылды.

Мындан сырткары 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 29 жылдыгына карата Аксы райондук ички иштер бөлүмүндө кызматта өзгөчөлөнгөн кызматкерлер сыйланышты.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы