2020-жылдын  2-сентябрь күнү ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Кара-Суу РИИБдин Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмчөсүндө, ИИМдин Баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Түштүк аймактык башкармалыгында, ИИМ тарабынан Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулуп жаткан үйдүн курулушунда жана ИИМдин  Ички коопсуздук аскер кызматынын 703-аскер бөлүгүндө болду. Андан соң Ош облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында Ош ОИИБнын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

        2020-жылдын 2-сентябрь күнү Кашкар Джунушалиев Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылында курулган Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаӊы имаратынын ачылуу аземине катышты. Ага Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги  милициянын полковниги М.Нурдинов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги М.Боронов, Кызыл-Кыштак айыл аймагынын айыл башчысы жана жашоочулары, курулуп бүткөн имаратка жакындан көмөк көрсөткөн атуулдар, ички иштер органдарынын ардагерлери жана аталган милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы катышты. Министр жаӊы ишке берилип жаткан милиция бөлүмчөсүн курууга салым кошкон жарандарга ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылды аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо деп жарыялаган  демилгесин колдоого алып, ички иштер министрлиги да  аймактарда жайгашкан түзүмдөрдө кызматкерлерге  шарт түзүү багыты жүзөгө ашырып келүүдө. Бүгүнкү имараттын курулушу да ушул демилгенин алкагында ишке ашырылып жаткандыгын жана мындай курулуштар улана берээрине токтолду.

Кашкар Джунушалиев имараттын курулушуна салым кошкон жарандарга жана өздүк курамга ыраазычылын билдирип, ИИМдин сыйлыктары менен сыйлады. Буга чейин аталган милиция бөлүмчөсүнө “Нива” үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа тапшырылган болчу. Жаӊыдан ишке берилип жаткан айылдык милиция бөлүмчөсү Кызыл-Кыштак жана Төлөйкөн айыл аймактарынын 14 айылындагы  72 миӊ 132 (жетимиш эки миӊ бир жүз отуз эки ) калк жашаган жерлерде коомдук тартипти көзөмөлдөп, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иш алып барышат.

Андан соң Кашкар Джунушалиев Ош облустук ички иштер башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрдү. Жыйында министр Ош облусунун милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө кыскача токтолуп, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти сактоо багытында кошумча тапшырмаларды койду. Ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүгүнүн негизинде коомдук коопсуздукту камсыздоо өзгөчө көзөмөлдө экендигин белгиледи. Ошондой эле, милиция кызматкерлериндеги мыйзамдуулукту сактоо, эл менен болгон мамиледе адамгерчилик, патриоттуулук жана тартиптүүлүк принциптери жогору болуш керектигин баса белгиледи. Өзгөчө кызматтык тартипти бекемдөө, профессионалдуулук деңгээлин жогорулатуу, жүрүм-турум маданиятын жана элдер менен баарлашууну жакшыртуу биздин негизги багыттарыбыз экендигин да эскертти. “Калк бизге ишенип, чоӊ үмүт менен карап турат, коомдук тартипти сактоодо мыйзамдын сакталышына биз жооптуубуз”-, деди  министр. Ошондой эле Жогорку Кеӊешке депутаттарды шайлоого карата көрүлүп жаткан даярдыктар, шайлоо өткөрүүдө коомдук коопсуздукту, тартипти көзөмөлдөө, мыйзамдуулукту сактоо боюнча бир катар уюштуруу иштеринин сапатын жогорулатуу керектигин айтып өттү.

Жыйындан соӊ министр ИИМдин Ош шаарында жайгашкан Баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Түштүк аймактык башкармалыгында болуп, мындагы өздүк курамдын абалы менен таанышты. Бул кызматтын кызматтык милдеттерине таандык болгон тапшырмаларды коюп, мындан ары ишти жандандырууну талап кылды. Ушул эле күнү министр ИИМ тарабынан Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулуп жаткан 12 кабаттуу, 240 батирлүү турак жайдын курулуш иштери менен таанышуу менен иш сапарын улады. Быйыл пайдаланууга бериле турган үйдүн курулуш иштери менен таанышып чыкты. Курулуш иштерин аткарууда сапаттуу курулуш материалдарына басым жасоону эскертип, курулушту тездетүүгө чакырды. ИИМ жетекчиси бул үйдүн  бир нече батирлерине кирип чыгып, үйдүн долбоору,  курулуш материалдарынын сапаттарына кызыкты. Курулушту аткарып жаткан компаниянын өкүлдөрүнө келечектеги жашоочулардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган кошумча аткарылуучу тапшырмаларды берди жана аткаруу мөөнөтүн белгиледи.

Андан соң Кашкар Джунушалиев Ош шаарынын аймагында жаңыдан түзүлүп жаткан  милициянын кайгуул кызматынын башкаруу пункту  үчүн каралып жаткан имарат менен таанышып чыкты. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов билдиргендей,  имарат Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндөгү жайгашкан мурдагы эски автобекеттин имаратынын бир корпусунда  жайгаштырылат.  Учурда башкаруу пункту үчүн бөлүнгөн  корпуска ремонт иштерин баштоо каралууда. Ал жерде кызматкерлердин иш орундары, эс алуучу жайлары жана саптык  машыгуу  аянчалары каралып жатат. Министр бул жайды  сапаттуу ремонттон өткөрүп, кызматкерлер үчүн тиешелүү шарттарды сөзсүз түзүп берүү жагын кароону тапшырды.   Маалым болгондой учурда ИИМдин  милициясынын кайгуул кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнө кызматкерлерди сынак менен кабыл алуу уланууда. Учурда биринчи туру аяктап, ийгиликтүү өтүшкөн талапкер ИИМдин республикалык окуу борборунда  билимдерин бекемдеп жатышат. Ош шаары боюнча милициянын кайгуул кызматынын батальонуна 219 кызматкер кабыл алынат.

Бул күнкү иш сапардын соңунда К.Джунушалиев ИИМдин  Ички коопсуздук аскер кызматынын 703-аскер бөлүгүндө болуп өздүк курам менен таанышты. Министр өздүк курам алдында сөзгө чыгып алардын Мекен алдында өтөп жаткан кызматтары үчүн ыраазычылыгын билдирди. «Кыргызстандын  кайсы гана аймагы болбосун кооптуу кырдаал түзүлгөн учурда сиздер ошол жерде болуп жатасыздар. Сиздердин Мекенди сүйүп, ак дилден кызмат өтөп жаткандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдиремин. Күжүрмөн аскер бөлүгү катары ар дайым кооптуу кырдаалда даяр экендигиңерге ишенемин. Кыргызстаныбыздын коопсуздугу үчүн  өтөп жаткан кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдиремин»,- деди министр өз сөзүндө.  Министр аскердик бөлүктүн санитардык пункту, машыгуу залы  жана аскердик техникалары,  жабдуулары менен таанышып чыкты. Командирлери менен баарлашып,  алардын бөлүктүн ишин жакшыртуу боюнча сунуштарын укту.  Катардагы күжүрмөн жоокерлер менен баарлашты. Алардан кызматтын шарттары тууралуу кызыкты. Ошондой эле министр ички коопсуздук аскерлерин мамлекет тарабынан ар дайым колдоого алынаары тууралуу айтып, кызматкерлерге мамлекеттин коопсуздугун сактоодогу кызматтарында ийгиликтерди каалап өттү.

  Аталган аскердик бөлүк Ош шаарында ички иштер органдары менен биргеликте коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо жана стратегиялык маанилүү объекттерди кайтаруу боюнча кызматтарды аткарып, коомдук тартипти сактоо тапшырмаларын аткарып турушат.    

ИИМдин Басма Сөз кызматы