Депутат Дастан Бекешев аралыктан окутуу жыйынтык бербей турганын  бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Аралыктан окутуу найтыжасыз. Көпчүлүк ата-энелер арызданып жатышат. Башталгыч класстын окуучуларына мектептерде санитардык нормаларды сактап, билим алуусуна уруксат берилсе болмок. Кээ бир мектептерде аралыктан окутуу болсо дагы акча чогултуп жатышат. Бул нерсеге тыюу салуу керек. Универститеттерде дагы аралыктан окутуу болуп, бирок контракттын акчалары кыскарган жок. Медицилык окуу жайларда аралыктан окутуу мүмкүн эмес», — деген оюн билбирди Бекешев.