Монголияда 2019-жылдын июль айынан бери электр автобус төрт мезгил бою пилоттук режимде иштеп, жалпы 48000 км аралыкты басып өттү. Электр автобустары дизелдик автобустарга караганда 90,4% га арзан болгону айтылды.

Дизелдик автобуска салыштырмалуу, электробус күйүүчү майга болгон чыгымдан 4,2 миллион тугрикти (1471,92 доллар) үнөмдөйт. Ошентип, 46 электр автобусу айына 197 миллион (70 миң доллар) жана жылына 2,3 миллиард тугрик (807 миң доллар) үнөмдөйт деп болжолдонууда.

Ал эми Кыргызстанда, “Кыргыз унаа курулуш” ишканасы ушул жылдын август айында өлкөдө алгачкы жолу электроавтобустарды чыгарып баштаары кабарланган. Алгачкы электроавтобустар Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата даяр болоору айтылган эле.