Саясат
Депутаттар 2-октябрга чейин өлкө аймагындагы шайлоочулар менен иш алып барат
Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоого чейин тыныгууга кетүү боюнча токтомду колдоду. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында токтом кабыл алынды.
Депутат Дастан Бекешев сентябрь айына карата календардык план бекитилгенин эскертип, аны жокко чыгаруу керектигин айтты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бекитилген календардык планды иш баштаганда улантып кете берише турганын билдирди.
Жалпы 93 депутат катталып, токтом долбооруна «макул» деп 79, «каршы» деп 1 депутат добуш берди. Депутаттар 4-сентябрь — 2-октябрь аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен иш алып барып, калктын абалы менен жеринде таанышат.