Кыргызстандагы белгилүү косметологдордун бири Айнура Сагынбаева айымдардын өзүнүн дене түзүлүшү, сырткы келбетине кантип кам керектиги туурасында керектүү кеңеши менен бөлүшүп, төмөнкүдөй пикирин калтырды.

Мен мектептин сулуусу болгон эмесмин. Бирок ар бир эле кыздын кыялында сулуулук ханышасы болуу дейм го.
Мен эми өзүм сулуулугум менен болбосо дагы, кесибим менен сулуулуктун ханышасы болуп алдым. Кыргызстанда алгачкы кыргыз тилинде: “Сулуулук сырлары” аттуу китебин чыгардым, сулуулукту пропаганда кылып алгачкы косметолог болуп кыргыз тилинде сыналгы, уналгы, гезиттерге чыктым.

Анда кээбир айымдар кремди суртуу керек экенин дагы билбеген учурлар болгон.
Ошондон бери какшап келе жаткан аксиомаларым:
✅Самындап бетти жуубагыла
Кургап,бузулат!! Атайын каражаттар бар.
✅Кунго каршы кремди колдонгула.
Кун терини картайтат.
✅Тункусун нымдаштыруучу кремди сурткуло.Тери азыктаныш керек
✅Данектен жасалган скрабтарды бетке колдонбогула!Беттин териси назик болот,жумшак скрабтар керек!
✅Мезотерапия жана пилинг жонундо тушунук саналуу эле адамда болчу.

Ош базарда жайгашкан клиникада көптөгөн адамдарга кеңеш берип, процедуралар жөнүндө түшүндүрмө берип, алгачкы процедураларды жасаганбыз.

Косметология мурда байлар, колунда барлар, шаардыктар үчүн гана болчу. Мен косметологияны жеткиликтүү, жөнөкөй эл коркпой келе турган кылганга абдан аракеттендим.

Азыркы кыйын болуп жүргөн кээ бир белгилүү косметологдор ошондогу клиникабызга келип ,көрүп, таң калып кетишкен. Азыр алардын жумушу биздин ошондогу клиниканын системасына окшош экенин байкайм. Демек үлгу алган, бул жакшы. Бирок биз азыр ал системадан кетип, ар бир адамга өзүнчө кабинет болдук. Анткени косметология бул интимдүү нерсе экенин түшүндүм, бизге келген айым эс алыш керек, ал келгенин, эмне кылып жатканын башкалар көрбөш керек.
Андан бери көп суу агып кетти, мен өзгөрдүм, дүйнө өзгөрдү, силер өзгөрдүңөр.
Ооба мен уколдорду жасабайм, ооба кабыл алганга жетишпейм. Бирок башкалардын колу менен менин башым иштейт.
Улам жанылыктарды алып келип, врачтарды үйрөтүп, конгресстерди уюштуруп, чет өлкөдөгү врачтарды алып келип, методикаларды ойлоп таап сиздер үчүн иштейм.
Сагынбаева ботокс кылбаса эле иштебейт деп ойлобогула алтындарым. Ботокс кылуунун эч кыйынчылыгы жок, жаш врач деле жасайт үйрөтүп койсо.
Сулуулук медицинасын Кыргызстанда алдыга жылдыруу — мына менин милдетим. Армиянын үстүндө көрүнбөгөн генерал, менмин достор.