Түркия менен Түштүк Кореяда коронавирус кайрадан күчөй баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 2-сентябрда өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирус эпидемиясынын биринчи толкунунун экинчи фазасы башталды. 

«Пандемия уланып, күн сайын вирус жуккан учурлар көбөйүүдө. Биринчи толкундун экинчи фазасын баштан өткөрүп жатабыз. Анкара, Стамбул, Измир, Бурса шаарлары дагы эле кооптуу», — деди министр.

1-сентябрга карата Түштүк Кореяда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 20 миңден ашты.

Кореянын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, өткөн суткада өлкөдө 235 жаңы инфекция учуру катталып, жалпы саны 20 182ге жетти. Жаңы учурлардын ичинен 13ү сырттан келген жарандардан аныкталган.