Бешинчи каналдын директору Эрнист Кыязов иликтөөчү журналист Али Токтокуновдун айланасындагы коомчулукта айтылган сындарга 5-каналдын атынан жооп берип, төмөнкүдөй билдирүү калтырды.

Интернет айдыңында журналист Болот Темировдун жекече иликтөөсү жарыяланып, анда бир кезде Бешинчи каналда иштеген Эльнура Алканованын ишмердиги тууралуу сөз козголуптур. Бул постту “Азаттыктагы журналист иним Али Токтакунов өз баракчасында бөлүшүп, моминтип жазат: «Азаттыктын» жана менин аброюма көлөкө түшүрүшү мүмкүн болгон ал материал 5-каналга чыккан. Жетекчиси Эрнис Кыязов да ушул маселеге өз пикирин билдирип, бул финансылык ишке каналдын тиешеси бар-жогун тактап койсо сонун болот”. Телеканалдын аты аталып өткөн бул жагдайга жетекчи катары коом астында жооп берип коюуну мен да эң туура көрөм.

Анда эмесе менин жообум бул: Публикага белгилүү тигил же бул инсандын мүлктөрүнүн мээнет менен табылганынан шек санап, өз версияларын айтып-жазып чыгууга журналист Болот Темировдун болобу, андан башка журналисттердинби же тек гана катардагы жарандынбы акысы да, мүмкүнчүлүгү да, укугу да толук бар. Демократиялык, ачык коом курууну тандаган мамлекетте журналисттердин чындыкты билүүгө болгон аракетин эч ким чектеп, тыйбашы керек,- деп эсептейм. Ошону менен бирге, бир кезде Бешинчи каналда иштеп кеткен журналисттин (бизде иштеп турган маалдагы же иштен кеткенден кийинки) жеке жашоосундагы финансылык иштерине телеканалдын тиешеси жоктугун жетекчи катары так билдирип коеюн.

Эми, «Азаттыктын» жана Али Токтакуновдун аброюна көлөкө түшүрүшү мүмкүн болгон” Бешинчи каналдагы материалдар, талкуулар, маектер тууралуу жеке пикирим: Кандай гана иликтөө болбосун, ошол иликтөөдөгү көйгөй толук иликтенип болгон соң аны көргөн көрүүчүдө эч кандай суроолор калбагыдай болушу кажет. Эгер ошондой күмөндүү суроолорду жараткан иликтөө болсо, анда иликтөөнүн толук (!) обьективдүүлүгүнөн шектенүүгө ар кимдин укугу, акысы бар. “Азаттыктын” бажыкана тууралуу иликтөөсүнүн айрым бир мандемдүү жактарында шек болгону үчүн “Азаттык” айтпай кеткен, көргөзбөй кеткен, маани бербей кеткен альтернативдүү ойлорго, көз караштарга Бешинчи каналдан орун берилди деп эсептейм.

Андай альтернативдүү көз караштарды айткандар — кайра эле ошол “Азаттыкта” иштеп кеткен экс-азаттыкчылар Нарын Айып, Шайырбек Эркин уулу, Эльнура Алканова, Эсенбай Нурушев, Айданбек Акматов сыяктуу журналисттер экендиктерин ылдыйдагы архивдик шилтемелерге кирип көрсөңүздөр болот:

https://www.youtube.com/watch?v=Z4uCzsuNVg4https://www.youtube.com/watch?v=yLlLCtFn0bMhttps://www.youtube.com/watch?v=661KmyiuaLY&list=PLqleFzwT6CQjoD6rE46OXMdwcaj3RGthO&index=91&t=0shttps://www.youtube.com/watch?v=Ym0hxkhSrwkhttps://www.youtube.com/watch?v=hMsFlof_9Ewhttps://www.youtube.com/watch?v=vaVYEtL5h3c

Айтайын дегеним, “Азаттыкта” азыр иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен журналисттердин бажыканадагы жемкорлук боюнча ар кыл, карама-каршы иликтөөлөрү, талкуулары, пикирлери – менимче бул сөз эркиндигинин трагедиясы эмес, бул “Азаттыктын” короосунан чыккан мурунку-кийинки кадрлардын атаандаштыгы, алардын көз караштарынын, пикирлеринин, иликтөөлөрүнүн өз ара атаандаштыгы. Баарыбыз билгендей, атаандаштык бар жерде сөзсүз өнүгүү болот, “мен эле кыйынмын, мен эле укмушмун, мен эле драконмун, меники гана туура, башкалар келжирей беришет..” деген бир беткей эгоизм жоголот. Эч бир маалымат каражаты чындыктын монополисти болууга тийиш эмес, Бешинчи каналда Нарын Айып менен Шайырбек Эркин уулу айтпай кеткен чындыктар “Азаттыкта”, “Азаттыкта” Али Токтакунов менен Айзада Касмалиева айтпай калган чындыктар Бешинчи каналда айтылып турганы — менимче коом үчүн өтө пайда, дегеле маалымат каражаттарындагы маалыматтардын ар түрдүүлүгү, альтернативалуулугу ачык-айкын коом түзүүгө негиз болот.

Ал эми Эльнура Алкановага келсек, ал 2020-жылдын 1-январында өз каалоосу менен арызын жазып Бешинчи каналдагы жумушунан расмий кеткен. Анын Бешинчи каналдан расмий кеткенден кийинки тагдыр жолу, тандоосу, принциптери, саясый табити, “эмнелерди жана кимдерди” туура же туура эмес деп эсептээри, кайсы тараптарга кошулганы – бул Бешинчи каналга жана каналдын редакциялык саясатына такыр тиешеси жок, бул Э. Алканованын өзүнүн жолу, жеке иши; коом астында, өз абийири астында өзү гана жооп берчү инсандык укугу, акысы.

Урматтуу “Азаттыктагы”, “Бешинчи каналдагы” кесиптештер, достор, биз бир бирибизди, мурунку-кийинкибизди, жан-дүйнөбүздөгү эл билбеген жактарыбызды , ар кыл сырларыбызды жакшы билген бир журтпуз, кесиптик духу бир журналисттербиз. Элге маалымат таратуудагы атаандаштык – бул кастык, жек көрүүчүлүк эмес экенин түшүнүү менен мамиле кылалы, бул менимче өтө маанилүү. Тагдыр бизди кайсы режимде кантип сынабасын, ички-тышкы күчтөрдүн саясатынын курмандыгы болбой журналисттик миссиябызды колдон келишинче татыктуу аткара берели! Биз баарыбыз чогуу талашып-тартышып, мүдүрүлүп кайра туруп, жаңылып кайра оңолуп — гүлдөгөн, демократиялуу, ачык коомду акыр бир күн курабыз буюрса! Рахмат силерге!

Баарыңарды урматтоо менен, ..өлкөнү демократиялаштырууда «Азаттык» радиосунун түпкү миссиясын сыйлаган; ошол миссияны унутпоого чакырган; илгери «Азаттыктын» колдоосу, каржылоосу аркылуу 1 ай Прагада стажировкада болуп тажрыйба топтогон;

«Азаттыктын» нанын жеген, «кудугунан суу ичкен» журналист, учурда Бешинчи каналдын Башкы директору — Эрнис Кыязов