Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку директору Канат Аманкулов кыргыз элинин сыймыгы, эркин күрөш дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова тууралуу өзүнүн пикирин билдирип, кыргыз күрөш боюнча тарыхда 30 жыл жылда жетпеген ийгиликке балбан кыз жеткиргенин баса белигелеген.

«Акыркы мезгилде биздин спортчулар эл аралык аренада бир топ ийгиликтерге жетишишти. Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону болду. Акыркы 30 жылдын ичинде бир дагы кыргыз спортчусу мындай ийгиликке жетише алган жок. Биргелешкен аракеттер менен бардык пландар ишке ашат деп ишенем»,-деди Канат Аманкулов.