Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жайыл районунун Алексеевка айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов Алексеевка айылындагы таза суу менен жабдуу системасынын эскиргендигине байланыштуу, айылдын басымдуу бөлүгүндө көп жылдан бери таза суу маселеси көйгөй болуп келе жаткандыгын билдирди.

Бул максаттарда айылдарды таза суу менен жабдууну туруктуу өнүктүрүү долбоорунун алкагында АРИС линиясы менен кудуктар калыбына келтирилип, скважиналар менен насостук курулмалар реконструкцияланып, суу менен жабдуу системасынын курулушу бүткөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө бардык курулуш иштери аяктады жана Алексеевка айылынын 8 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болду.

Жергиликтүү эл менен болгон баарлашууда Сооронбай Жээнбеков аталган долбоордун ишке ашырылышына канааттануусун билдирип, өлкөнүн бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылуу анын президенттик ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналарын эске салды.

Мамлекет башчысы бул дагы аймактарды өнүктүрүү ишинде маанилүү маселе экенин белгиледи.

Президент жергиликтүү бийлик менен тиешелүү бийлик органдарын бул багытты өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жигердүү кызматташууну улантууга, ошондой эле курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Эске салсак, айылдарды суу менен жабдууну туруктуу өнүктүрүү долбоору АРИСтин Дүйнөлүк банк менен биргелешкен линиясы боюнча ишке ашырылууда жана өлкөнүн калктуу конуштарынын суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо жана санитарияны жакшыртуу максаты коюлган.

АРИС өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте жалпысынан 2024-жылга чейин өлкөдөгү 208 айылдагы жана 2 шаардагы калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну максат кылууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин белгилегендей, 2024-жылга чейин калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси өлкөнүн бардык аймактарында чечилет — өлкөнүн 822 айылы таза сууга жетишет. Долбоорду ишке ашыруу 33 миллиард сом өлчөмүндө каражат гранттык негизде жана узак мөөнөттүү насыялар менен жүзөгө ашырылат.

Акыркы эки жылда өлкөнүн 122 айылы таза суу менен камсыздалды.