Белгилүү актер Аскат Сулайманов Индиянын тасмасына тартылып бүттү. Бул тууралуу актердун соцтүйүндөгү баракчасына таянуу менен “Кадам Медиа” жазып чыкты.

Актердун айтымында, индиялык тасмаларга алгачкы жолу тартылды. Мындан улам индиялык кино ишмерлерине ыраазычылыгын билдирди.

Индия тараптан келген кино ишмерлери менен тартылган тасма ийгиликтүү болду. Мындан ары дагы кызматташтыгыыбыз улана берсин. Мен сиздер менен иштешкенибизге абдан кубанычтамын. Тасманы жакын арада экран бетинен көрө аласыздар”,-деди актер.

https://www.instagram.com/p/CErMiPJj-t9/?igshid=mcgl63vj3zwg