Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштеринин негизинде ири эс алуучу жайлардын имараттары бузулуп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги «Улан» жаштык ордосу бузулууда.

«Дарыянын жээгин көрктөндүрүү максатында дарыянын эки тарабындагы курулуштарды, тосмолорду алуу иштери уланууда. «Улан» жаштык ордосунун ээси мэриянын реконструкциялоо иштерин түшүнүү менен кабыл алып, өз каалоосу менен бузуп жатат», — деди Абсаттаров.

Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү үчүн шаардык мэрия 200 млн сомдон ашык болгон чоң долбоор баштаган. Анын алкагында дарыянын жээгиндеги курулуштар алынып, суунун нугун жөнгө салуу иштери жүрүүдө.