30-август күнү Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун 110-жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлгөн, ал иш-чарада дипломатиялык корпустун жана Тажикстандын өкүлдөрү катышышкан. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирди.

Элчи Жаныш Рустенбеков катышуучуларды Кыргызстандын өнүгүүсүнө И.Раззаковдун кошкон салымы жана ролу тууралуу маалымат берди.

Дипломатиялык корпустун өкүлдөрү И. Раззаков жөнүндө коңшу мамлекеттерде сонун эскерүүлөр калгандыгын белгилешкен.