Сүлүктү райондук соту жашы жете элек Б.Р. атуу жаранга «Жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүү» беренеси боюнча иш козгоду. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.

Кыздын белгисиз адам менен жыныстык катнашта болуп, боюнда бар экендигин билгенден кийин баладан кутулууну чечкени такталды.

«Тергөөнүн маалыматына ылайык, Б.Р. үйдөн эркек бала төрөгөн, киндигин бычак менен кескен. Жаңы төрөлгөн ымыркайдан кутулууну чечип, аны жуурканга ороп, жеке үйдөгү дааратканага ыргытып жиберген. Жашы жете элек кыздын төрөгөнү, кан көп  кетип  ооруканага келгенде белгилүү болгон», — деп айтылат өкүмдө.

Соттун чечими менен Б.Р. эки жылга чейин эркинен ажыратылды, бирок мунапыс колдонулуп, жазадан бошотулган.