2020-жылдын 3-сентябрь күнү Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Баткен облусуна иш сапары менен келди. Иш сапардын жүрүшүндө К. Джунушалиев Кадамжай РИИБнүн имаратынын курулушу, Лейлек районундагы  Кулунду айылындагы ИИМдин Ички коопсуздук   аскер  кызматынын 707 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасынын имаратынын курулуш  иштери менен таанышты жана Кадамжай, Лейлек районунун ИИБдин өздүк курамы менен жолукту.

Ошол эле күнү Баткен районундагы Көк-Таш айылындагы ИИМдин Ички коопсуздук  аскер кызматынын  имаратынын жаңыдан башталган курулушу менен таанышып, андан соң Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында Баткен ОИИБнын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жана райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Баткен областында болгон алгачкы күнү министр Кадамжай РИИБнүн имаратынын курулушу менен таанышып, райондук бөлүмдүн имаратын тез жана сапаттуу жүргүзүү, кызматкерлерге шарт түзүү жана коомдук тартиптин сакталышына да өзгөчө көңул буруу керек экендигин белгиледи. Ушуга эле катар,  Лейлек районундагы Кулуңду айыл аймагындагы Интернационал айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын ИИМдин   Ички коопсуздук аскер кызматынын 707 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасынын имаратынын курулуш иштери менен кеңири таанышты.  Бул жерден Кашкар Джунушалиевди  ИИМдин Ички коопсуздук аскерлер кызматынын колбашчысы полковник И.Кенжегулов   имаратты оңдоп түзөө иштеринин жүрүшү боюнча  тааныштырды.

ИИМдин башчысы аймактык бөлүмдөрдүн кызмат өтөө жерлерин, кызматтык ишмердүүлүгүндөгү уюштуруучулукту текшерип, Лейлек районунун Кулунду айылында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашкан милиция кызматкерлерине да укук тартибин сактоо максатында кошумча тапшырмаларды берди. Ошол эле күнү Баткен районундагы Көк-Таш айылындагы ИИМдин Ички коопсуздук  аскер кызматынын имаратынын жаңыдан башталган курулушу менен таанышып, курулуш иштерин тездетүүнү жана ага тиешелүү бардык жардамдар көрсөтүлө тургандыгын белгиледи. Баткен областывнда жайгашкан ИИМдин Ички коопсуздук аскер  кызматынын аскердик бөлүгү Баткен облусунун ички иштер органдары менен биргеликте коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо. Чек ара аймактарында коомдук тартипти сактоо жана стратегиялык маанилүү объекттерди кайтаруу боюнча кызматтарды аткарып, коомдук тартипти сактоо тапшырмаларын аткарып турушат.

Андан соң ички иштер министри  Кашкар Джунушалиев   Баткен ОИИБнын имаратында бөлүмдөрдүн, кызматтардын  башчылары жана район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйналыш   өткөрүп, шайлоо иштерине байланышкан  буюрмаларды, өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилген жаңы мыйзамдардын талаптарын кынтыксыз аткарууну талап кылды. Ошондой эле, областтык милициянын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнө токтолуп, кылмыштуулук менен күрөшүү, укук бузууларды алдын алуу, коомдук коопсуздукту  камсыздоо багытында кошумча тапшырмаларды койду. Ошондой эле  мыйзамдуулукту сактоо, эл менен сылык жана жоопкерчиликтүү мамиледе  болуу, кызматтык тартипти бекем сактоо,  профессионалдуулук деңгээлин жогорулатуу, жүрүм-турум маданиятын өнүктүрүү боюнча катуу талаптырды койду.     Ушул жылдын 4-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын   Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоого карата көрүлүп жаткан коопсуздук чараларын, мыйзамдуулукту сактоо боюнча бир катар уюштуруу иштеринин сапатын жогорулатуу керектигин айтып өттү. «Ар бир кызматкер алдына коюлган талаптарга жоопкерчилик менен мамиле жасаш керек, биздин милдет элдин тынчтыгы»,- деп өз сөзүн жыйынтыктады министр.

ИИМдин Басма сөз кызматы