Адахан Мадумаров: “БШКнын үстүнөн сотко кайрылабыз”

Бүгүн, 4-сентябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери жана мүчөлөрү маалымат жыйын  берип жатышат.

Анда партиянын лидери Адахан Мадумаров жана партия өкүлдөрү кечээги, 3-сентябрда БШКнын “Бүтүн Кыргызстан” партиясы техникалык ката кетиргени үчүн шайлоодон четтетүү боюнча чечимине каршы экенин билдиришүүдө.

 Партия лидери Адахан Мадумаров:

 “Шайлоого катышууга үмүтүбүз чоң. Сотко кайрылабыз .  “Бүтүн Кыргызстан” партиясын ЖК га жолотпоо керек болуп жатат. Биз өзгөрүү алып келели дегенбиз. Бизди маарага жеткирбей алып коюп жатат. Шылтоосу Т.Бакир уулу” , – деди.

Эске салсак, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. Комиссия партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартты.