Акыркы суткада өлкө боюнча 92 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды

Бүгүн, 4-сентябрга карата акыркы суткада өлкө боюнча 92 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды. Бул тууралуу,  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек шаары – 12;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 7;
Ош облусу – 15;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 6;
Ысык-Көл облусу – 32;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу – 14.

Жалпы: 44 миң 227 адамдан илдет аныкталды.

Бүгүнкү күндө стационарда дарыланып жаткандар 584 бейтап болсо, амбулатордук дарыланууда 4 миң 614 бейтап бар.