Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу,  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Бишкек шаарыда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 8.

Ал эми бир суткада 9 медицина кызматкери айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Үй карантининен 18 медкызматкер айыгып чыгышты.

Республика боюнча COVID-19 диагнозу жалпы: 3 миң 145 ак халатчандарга коюлса, алардын ичинен 2 миң 533ү айыкты.