Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында жол кырсыгы катталып, сегиз киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка караганда кырсык бүгүн, 4-сентябрь күнү, саат 9:00дөр чамасында болгон. Анда Казарман айылынын Тагай тилкесинде Audi A6 үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа кагышкан.

«Кырсыктын кесепетинен сегиз киши көз жумду. Анын алтоо эркек, экөө аял. Учурда аты-жөндөрү такталууда», — деп айтылат маалыматта.