Жумуш учурунда COVID-19 илдетине чалдыккан жана жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө тууралуу маалымат

“Жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлерге 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү үчүн ар бир учур катталган мекемелерде атайын Комиссия иштеп жатат. Бүгүнкү күндө, коронавирустан каза богон 18 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө акча каражаты төлөнүп берилген. Мындан сырткары, дагы 34 учур каралып, иликтенип жатат”, — деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.

Кызмат учурунда ооруга дуушар болгон медкызматкерлерге 200 миң сомдон компенсация каралган. Республика боюнча:
-Ош облусунан -113 документ;
-Талас облусунан – 33;
-Чүй облусунан – 337;
-Баткен облусунан – 25;
-Нарын облусунан – 35;
-Ысык-Көл облусунан – 48;
-Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан (Бишкек) – 14 документ келип түшкөн.
-муну менен бирге Бишкек шаарындагы санэпидкөзөмөл борборунан, Улуттук госпиталдан жана Бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан документтер тапшырылып, жалпысынан 800 документ каралып жаткан учуру.